Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинин экс-жетекчиси Учкунбек Ташбаев кызмат абалынан пайдаланган делип Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (МУКК) тарабынан кармалды. Бул тууралуу МУККдан “ВБ”га билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, Ташбаев 1-декабрда кармалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райсоту аны эки ай камакка алуу чечимин кабыл алган.
Ташбаевге КР Кылмыш кодексинин “Кызмыттык абалынан пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.