эми булар эмнени чечет. Дагы да болсо кресло талашат да
Көпчүлүк коалициянын жыйыны 3-декабрда, дүйшөмбү күнү болот. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “ВБ”га билдирди.
Анын айтымында, фракция лидерлери арасында сүйлөшүү кажет болгондуктан коалиция кеңешинин жыйыны дүйшөмбү күнгө жылды.
“Жыйында көпчүлүк коалициянын кийинки тагдырын талкуулоону пландаганбыз, бирок бүгүн абал өзгөрүп кетти. Андыктан кайсыл маселелер талкуулана турганын такташ керек”, - дейт депутат.
Турсунбеков ошондой эле көпчүлүк коалициянын боло турчу жыйынында 2013-жылдын бюджети да талкууланарын кошумчалады.
Эскертсек, бүгүн көпчүлүк коалиция кеңешинин жыйыны болмок. Анда альянс түзгөн өкмөттүн отставкага кетүүсүн кароо пландалган.