Это не статья. Бред какой-то
2012-жылдын бюджетинин тартыштыгы кыйынга турчудай болуп калды. Капиталдык салымдар дээрлик токтотулуп, корголгон статьяларды гана эптеп-септеп каржылоо жүрүп, өкмөт каражат табалбай катуу каржалып, Жогорку Кеңешке (ЖК) бюджетти секвестирования кылуу өтүнүчү менен кайрылууда.
Финансы министрлиги сунуштап жаткан 3 милларддын тегерегиндеги кыскартуу эмнени чечип, 20 млрдан ашык тартыштыктын кайсы жыртык-тешигин жабаары белгисиз. Төлөмдөрдүн кечиктирилиши, же такыр эле кыркылып калышы өлкөдөгү экономикалык абалды күндөн-күнгө оорлотуп, социалдык объектилерде кышка карата жасалып жаткан ремонттор токтоп, нааразы тараптардын арыз арманы ЖКнын трибунасынан байма-бай айтылууда.
Өлкөдөгү дефолтко тете экономикалык кырдаалга баам салган коомчулук -«жаңы бийлик башкара албай калды, эми кимиси жооп берээр экен (?), же баштагыдай эле эч ким жооп бербей кала береби?» деп, нааразычылыгын билдирип, бул бийликтен да түңүлүп бараткандай. Чындыгында эле, апрелдеги элдик төңкөрүштөн бери, адегенде Атамбаевдин, андан кийин Бабановдун өкмөтү отчет бербей, 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралу эчким жоопкер болбой, отчет бербөө өнөкөткө айлангансып калды.
Эми болсо, 2012-жылдын отчетун ким берип, жоопкерчилигин кимге артаарыбыз белгисиз. Ж.Сатыбалдиев келип, «мен кечээ эле келбедимби», десе не дейбиз? Эч нерсе дей албайбыз да. Аргасыздан, «бабановдун өкмөтүн эки ай чыдай туруп, отчет алып, кетирсек болмок тура» дегиң келет. «Жумуштан айдады» деп, ичи күйүп, президентке үндөй албай, «атамекенчилердин» акесин таанытып жаткан Ө.Бабанов керек болсо, эрте кетип жыргаптыр да эй! Түбү түшкөн бюджет менен азыр, кантип отчет берет эле? Ал тетирисинче «өзүн жайлагандарга» рахмат айтса жарашчудай. Мына азыр, «мен болгондо башкача болмок, менин эсебим бар болчу» десе, эч нерсе айталбайсың. Эл дагы «ооба, чын эле Бабанов иштеп аткан, жылды бүтүртүш керек болчу» деп, колдоп жатат, керек болсо.
Балким анда, жылды бүткөрүп, жоопту бере турган Ө.Бабановду кууп жиберген А.Атамбаев менен Ө.Текебаевди жоопко тартуу керекпи? Же ЖК таркатылып, же жаңы өкмөт садага чабылабы? Айтайын дегеним, кимиси болсо да, акыры бирөө жооп бериш керек да. Азыр эл ичинде нааразычылык күчөгөн сайын бул маселе кабыргасынан туруп баратат.
Ошентип, эртеби кечпи, «өкмөт «итке минип», экономика ойрон болгону үчүн бирөө жооп бериши керек» деген ой абаада турат. Элдин нааразычылык эпкининен чочулаган бийлик пирамидасынын чокусундагылар, ар кандай тактикалык жүрүштөрдү жасап, катуу толкундоолор башталса, ким «козел отпущение» болот (?), деген суроого жооп издей баштагандай.
Акыркы кездерде ЖКны туш тараптан жаманатты кылып, «иштешпейт, жумушка келишпейт, ичара тытышкандан башка эчнерсе билишпейт, 120 депутаттын ар бирине, казынадан, жылына 6 млн сомдон акча кетип атат» деген сыяктуу, кара пиар күч алганы байкалууда. Мындай аракеттердин артында, эмнегедир, президенттин кеңешчилеринин көлөкөсү байкалат. Элдин көзүнөн, жаман сөзүнөн президентти калкалап ЖКны «громоотвод» кылып, нааразычылык катуулап кетсе депутаттарды таркатып, элди шайлоого салып жиберүү планы бардай сезилет. Албетте, өкмөттү садага чабуу жардам бербей калган жагдайда.
Депутаттардын айрымдары гана жогорку «нападкаларга» кайым айтымыш болгону менен жалпы көпчүлүгү ЖКнын структурасы, комитеттерди бөлүштүрүү, вице-спикерлерди ооштуруу, айтор күнүмдүк парламенттик көр-тирлик менен алек болушууда.
Өткөн жумада ЖКнын сегиз комитетинин төрагалары алмашты. Башынан эле атына заты туура келбей, 67 добушун толук кандуу камсыздай албай кыйналып келген башкаруучу коалиция, мыйзам бузуп (Өмүрбек Абдырахманов менен Алтынбек Сулайманов 48 эле добуш болду 8 добушту уурдап алышты деп айыптоодо), күчкө салып, араң дегенде 56 добуш менен талапкерлерин бекитти. Кырдаалды көзөмөлдөө кыйынга тураарын сезген башкаруучу коалиция вице-спикерлердин маселесин көтөрө албасын сезиштиби, маселе ың-жыңсыз артка жылып кала берди.
Башкаруучу коалициянын лидерлери комиттеттердин төрагаларын шайлоодо мыйзамда көргөзүлгөн алтернативалык процедуралардан качуу менен өзүлөрүнүн атаандаштыктан (оппозициядан) коркоорун, коалициянын «шаткий» экенин дагы бир ирет байкатып койду. Мыйзам чыгааручу органдын кадыр баркы түшкөнүнө кайыл болушуп, меркантилдүү кызыкчылыктарын канааттандырып, комитеттерди бөлүп алышты. Ошентип, эгемендик алгандан бери, оңдуурак шайлоо өткөрө албай каржалган кыргыз эли баягы, «багы жокко дагы жок» дегендей болуп, жада калса, ушу парламентинен да калыс, таза шайлоо көралган жок. Анан кантип, жалпы өлкө боюнча таза, калыс шайлоо өткөрүүнү кеп кылабыз! Өкүнүчтүү…