Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчисинин айдоочусу Бишкек шаарынын №29 мектебинде окуган кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен “ВБ”га билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик номери MVD 500 болгон “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү кызматтык машинанын айдоочусу окуучу кызды сүздөн кийин окуя болгон жерден качып кеткен эмес.
Ал кызга дароо биринчи медициналык жардам көргөзгөн.