Ишенимден ажыраган бийликтин админресурсту колдонуудан башка аргасы жок

Шайлоонун жаңы шартта өтүп жатышы уюштуруучулар үчүн да, катышуучулар үчүн да ар кандай түшүнбөстүктөрдү, кошумча тоскоолдуктарды жаратты. Бирок, мындай, жагдайдын өзгөрүлүшү айрымдарын гана өнөктүккө катыша албай четтеп калуусун жаратканы менен, өлкөдөгү белгилүү саясый күчтөр үчүн анча деле тоскоолдук жарата алган жок. Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн партиялар, (кагаздарын убагында дайындап, пландуу иш алып баргандары) түгөл эле катталды окшойт. Айтор, мурунку авторитардык режимдер убагындагыдай болуп, «саясый заказ менен кедергилик кылып, каттабай жатат» деп, ызы-чуу салгандар болгон жок.

Азыр ушу тапта өлкөнүн баардык региондорунда үгүт иштери жүрүп, коом ичи уу-дуу болуп, жан тарткан партияларына карай ыктап, топ-топ болуп бөлүнө баштаган кез. Шайлоого болгону жыйырма күн калды. Азырынча алдыга озуп чыгып, эл оозунда «ушулар жеңет» деген кепке илинген фаворит жок. «Бийликте турбайбы, КСДП эле илгеркиче күчкө салып, жеңишти тартып алат го» деген сөздөр жүрүп жатат. Мындай сөздөр деле бекер жеринен айтылып жаткан жери жок. Бийликке кошоматчылык кылып, элге таанымал болгон эски чиновниктердин көбү терисин жаңыртып, КСДПнын камчысын чаап жатканынан улам чыгып жатат.

Кыясы, кыска мөөнөттө эл ишениминен ажырап, адилеттүү шайлоо аркылуу жеңишке жетүү мүмкүн эмес экенине көзү жеткен бийлик башындагылар деле айласы куруп, административдик ресурсту колдонуудан башка аргасы калбагандай. Анан, эски ыкма менен күчкө салуу колдонулуп, мыйзам бузулуп, добуштар уурдалса кандай болот? Чыр чыгып, чатакка айланбайт деген кепилдик жок.

«Ар-Намыс» партиясынын тизмесин баштап, «Бишкекке мэр болом» деп турган Өмүрбек Суваналиевдин «эгерде, бийлик административдик ресурсту колдонсо, элди көчөгө алып чыгабыз» деген сөзүн шайлоого катышкан партиялардын дээрлик баардыгы колдоого алып, айрымдары, «ачык чыкпасак да, адамдарыбызды кошуп беребиз» деп, турушкандары жалган эмес.

Анткени добуштар урдалбай, таза шайлоо өтүп, эл тандаган саясый күчтөр бийликке келмейинче, аларга ишеним болбоору, натыйжада тынчтык да, стабилдүүлүк да болбосун баардык тараптар толук түшүнүп турат. Акыркы эки жолку бийлик алмашуусу, чындык үчүн, адилеттүү бийлик куруш үчүн кан төгүлүп, кырчындай жаштардын жаны кыйылышы да, адамдардын аң-сезимин өстүрүп, келечек үчүн жоопкерчилигин кыйла өрчүтүп кеткендей.

Парламенттик системанын кириши менен ачык-айкындуулук көнүмүшкө айланып, демократиялык принциптердин кеңири орной башташы, коомду да өзгөртүп бараткандай. Атаандаштык жолу менен бийликке келип, өз идеаларыңды ишке ашырып мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга шарт түзүлүп жатышы да прогрессивдүү күчтөрдүн активдешүүсүн жаратып, аларга дем берүүдө.

Бирок, өлкөнүн өнүгүүсү, коомдун өзгөрүшү оңойго турган жери жок. Катуу каршылыктарга, тоскоолдуктарга тушугууда. Көптөгөн жылдар бою ар кандай деңгээлдеги бийлик бутагында отуруп, кызмат орундарын жеке кызыкчылыктарын канааттандырууга пайдаланып, казынага кол салып, байып алган миңдеген чиновниктер өлкөнүн демократиялык багытта өнүгүүсүнө жолтоо болуда.

Тилекке каршы, бүгүнкү бийлик башындагылар да мурунку бийликтердин жолуна түшүп, эл ишениминен кете баштагандыктан, ириген чиновниктер армиясы менен тилектеш болуп алардын кызматын колдонууга мажбур. Мындай жагдайды байкап турган шайлоонун катышуучуларынын көпчүлүгү КСДПны көздөрүнүн кыйыгы менен карап, А.Атамбаевдин партиясына алдын ала эле «мыйзам бузуучу, узурпатор» деген сыяктуу жарлыктарды тагып жатышат.

Деген менен, шайлоо өнөктүгү башында саясатчылар айткандай катуу кармашуусуз, ызы-чуулу, карама-каршылыксыз өтүп жаткандай. Бишкек шаарындагы үгүт иштерин айтпаганда, региондордогу шайлоолор тууралуу такыр эле маалымат аз. Теледен КСДП, «Республика», «Замандаш», «Ак шумкар», «Ата Мекен», «Өнүгүү» партияларынан башкалардын рекламасы деле байкалбайт. Баардыгы эле тымызын тырышып, электорат менен иштешип, «Кудай берген (КСДП калтырган), добуштарды эптеп-септеп чогултуп алсам деген ниетте аракеттенип, анан мыйзам одоно бузулуп баратса көтөрүлөбүз» дешип тургандай.

А дегенде «Ар-Намыс» партиясы менен биригип, «айгай-чуу салып, «аламанга» аттанабыз», деген «Республика» партиясы деле тымызын аракеттерге өтүп, «Алмаз Атамбаевдин каарына калбай, эптеп-септеп, андан калган-катканды жыйнап алсакпы(?)», деп гана калгандай. Өткөн жергиликтүү шайлоолордо бир топ жерде КСДПны утуп ала коём деп өкмөт башчылыктан ажыраган, Өмүрбек Бабанов, «эми да президенттин каарына калып, камалып жүрөмбү?» деп, көчүгүн кыскан сыяктуу.

«Оппозицияны каржылап, күчөтөм депсиң, бирди көрөсүң», деген А.Атамбаевдин сөзүн угуп, «шымына чычып салган» Ө.Бабанов «Ар-Намыс» деген сөздү укса өңү бузулуп, Өмүрбек Суваналиев жүргөн жерлерди алты квартал айланып өтүп калыптыр, дешүүдө. Андыктан, «А.Атамбаевдин соодасы бүтүптүр» деген кезде эле бир чыкпаса, азырынча Ө.Бабанов «чээнден чыгып, оппозиционер болот», деп күтүп деле кереги жок. Лидерлеринин «эт менен челдин» ортосуна кирип кетип, «мал» болуудан калганын сезген «Республика» партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн көпчүлүгү баштагыдай эле «Ар-Намыс» партиясы менен биргелешип иштөө керектигин, кызматташуу келечекте шаардык кеңеште да улантылаарын макулдашышууда.

Ал эми, КСДПга негизги атаандаш болот деген «Ата Журт» партиясынын анабашылары камакта болуп арымы артпай жатса, Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» деле анча активдүүлүгүн көрсөткөнү байкалбайт. Бишкекке мурун-кийин келип конуш алган түштүктүк туугандардын добуштарына ишеним арткан бул эки партия курулай каражат сапыра бербей, электорат менен тикелей иштөөгө өтүп, малаларды түрө кыдырып жаткандыгы да айтылууда. Каражаттын тартыштыгынан иш аксап жатканын айтышып, «Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясын Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катыштырганда болмок» дегендер да бар.

Бул кеп бекер жеринен чыккан жок. Башында ушундай сүйлөшүүлөр болуп, М.Мырзакматов «Ата Журт» менен «Бүтүн Кыргызстан» партиялары «Улуттар биримдигин» колдоп берсе (Оштогудай шарт менен партиялары шайлоого катышпай, эки партиянын активисттерин тизмеге кошуп) каражат маселесин толук чечип шайлоого катышаарын билдиргендиги тууралу маалымат чыккан. Бирок бир пикирге келе алышпай, анан дагы убакыттын тардыгынан улам «Улуттар Биримдиги» бул сапар Бишкектеги шайлоого катыша албай калды. Эгерде, сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыгып, «Улуттар Биримдиги» шайлоого катышканда Бишкек менен анын айлана чөйрөсүндөгү түштүктүк электоратты буруп кетүү мүмкүнчүлүгү жок эмес эле.

М.Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясын жалпы республикалык деңгээлдеги саясый партияга айландыруу багытындагы амбициялуу пландары бар экени да жашыруун эмес. Азыр ушул багытта түштүк жергебизде жетиштүү кадыр баркы бар М.Мырзакматов түндүктүн элине (шайлоочуларына) өзүнүн партиясын, программалык максаттарын тааныштыруу, ишенимге кирүү, колдоо табуу багытындагы иштерди колго алып, Бишкекте пресс-клуб ачып, партиянын түндүк региондору боюнча кеңсесин ачканы жатканы маалым болду.

Ала жаздан бери Сарбагыш, Бугу, Солто, Саяк болуп жүрүшүп, акыры «Тагай бий» коомун түзгөнгө жеткен аркалык кыргыздардын Адигиненин тыңчыкмасына эмитен эле тууганчылык көз караш менен карап жаткандарына караганда Мелис Мырзакматов өзүнүн партиясы менен кыргызстандын түндүгүнө кенен-кесири сүңгүү мүмкүнчүлүгү бар десек жаңылышпайбыз. Андыктан «Улуттар Биримдиги» партиясын кийинки шайлоолорго толук кандуу катышат деп ишенимдүү айтсак болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД