“Ата-Журт” фракциясы ички кризистен чыга албай атат. Бул тууралуу фракциянын жаңы лидери Мыктыбек Абдылдаев “ВБ”ге берген маегинде билдирди.
Эске салсак, депутат Мыктыбек Абдылдаев 22-октябрда “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун ордуна келген. Садыр Жапаров МУККнын тергөө абагына “бийликти басып алууга араке кылган” деп айыпталып камакка алынган болчу. Ал эми Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” партиясынын лидери болуп кала берет.
Абдылдаев “ВБ”га берген маегинде алардын фракциясы ички кризистен чыга албай атканын айтты. Анын айтымында депутаттардын сегизден көбү “фракциянын ичинде көрүнбөйт”. “Калгандарын жыйындарга алып чыгуу физикалык жактан оор. Андыктан биринчи кезекте биз ички дисциплинаны иштеп чыгышыбыз керек”, - дейт Абдылдаев.
Мындай абал бир гана “Ата-Журт” фракциясына эмес, парламентке бүт тиешелүү. “Балким, бир фракция бир кишиден коркушу мүмкүн, башкасы чырдашууну каалабайт. Бардык фракцияларда өз ара топторго бөлүнүү бар. Менимче бул жалпы парламенттеги тенденция окшойт”, - дейт эл өкүлү.