НТС каналынын башкы директору Бакытжан Аманов Башкы прокуратура тарабынан каналдын жетекчилигине карата кылмыш иши козголгонун билбегенин "ВБ"га берген маегинде билдирди.
Эске салсак, кечээ 30-октябрда тергөө башкармалыгы бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Бердибаев "Республика" фракциясынын жыйынында НТС каналынын жетекчилигине карата кылмыш иши козголгондугун билдирген.
Аманов "кылмыш иши жөнүндө" маалыматы жоктугун айтты. Башкы прокуратурадан белгилегендей журналисттерди талап-тоноо боюнча кылмыш ишине күбө катары суракка алышкан жана НТС каналына карата козголгон кылмыш иши фильмди көргөзүүгө же тергөө абагына барганы менен байланыштуу эмес.