Боршайком административдик ресурсту колдонгондорго бөгөт коюуга сөз берди

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

"Биз административдик ресурсту колдонгондорго бөгөт коюу боюнча бардык аракеттерди көрүп атабыз. Жайыл райондук аймактык шайлоо комиссиясы "Эл Аман" партиясын мыйзамды туура эмес чечмелегендиктен каттабай койду деп талаш жүрүүдө. Азыр ал иш Жогорку сотто каралууда. Биз бир да талапкерге жолтоо болбойбуз", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД