Кыргызстандык түгөйлөр жаштардын дүйнөлүк чемпионатында 25-орунду ээлешти

Орусиянын "Дэнс Аккорд-2012" ачык чемпионатынын алкагында өткөн жаштардын эл аралык чемпионатында бий боюнча Кыргызстандык түгөйлөр 25-орунду ээлешти.

Кыргызстандын бий спорту боюнча федерациядан билдиргендей, Давид Саламау жана Ксения Тетерева он бий боюнча 31 түгөйдүн ичинен 25-орунду ээлешти.

Ошондой эле, улуулар арасындагы WDSF World Open Latin категориясында түгөйлөр Святослав Бибяев жана Валерия Качалко 37-орунду алган. Ушул эле категория боюнча Саламау Тетерева 358 түгөйдүн ичинен 251-орунду алды.

Андан сырткары Максим Сусликов – Кристина Беликова жана Фарух Мамаджанов – Рамина Бикбаевалар "Жаштар" категориясы боюнча катышып, "Стандарт" жана "Латина" программалары боюнча ат салышты.

Биринчи программага 218 түгөй катышкан. Анда кыргызстандыктар 105 жана 125-орундарды ээлешкен. Ал эми "Латина" программасы боюнча Сусликов менен Беликова 248 түгөйдүн ичинен 130 орунду ээлесе, Мамаджанов менен Бикбаева 172-орунду ээлешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД