"5-каналдын" маалымат кызматынын журналистин Ысык-Көлгө ала качып, мужбурлап күйөөгө берүүгө аракеттер болгон. Бул тууралуу "Бешинчи каналдын" маалымат кызматынын шеф-редактору Дмитрий Ложников "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, эртең менен журналист кыздын коллегаларына бейтааныш жигит чалып, ал бүгүн жумушка чыкпай турганын айткан.
"Бейтааныш жигит менен сүйлөшкөн кабарчыбыз, телефондон ала качылып кеткен журналисттин ыйлаганын жана "мени алып кеткиле" деп ыйлаганын уккан", - дейт Ложников.
Бирок, ала качылып кеткен журналисти кайтадан Бишкекке алып келе атканы белгилүү болду. Кененирээк кийинчерээк маалым болот.