28-августта үзгүлтүккө учураган геологиялык чалгындоо укугун бере турган 12 лицензияны сатуу боюнча аукцион 2-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Ишимбай Чунуев "ВБ"га билдирди.
"Аукционду өткөрүү шарттары жана объектер мурдагыдай эле", - дейт ал.
Мекеменин маалыматына ылайык аукцион КТРКнын имаратында өтөт. Аукцион түз эфирде көрсөтүлөрүн мамагенттик тактаган жок.
Эске салсак, 28-августта КТРКнын имаратына 10 чакты киши кирип барып, түз эфирде боло турчу аукционду үзгүлтүккө учураткан.
Аукцион өткөн жок деп табылып, үч киши бейбашчылык кылды деп кармалган.