Орловкада инвесторлорго каршы 500 киши митингге чыкты

Орловкада митингге чыккан 400-500 киши өздөрүнүн талабы аткарылмайын 3 күн күтүүгө даяр. Алар Талды-Булак алтын кенинде иштеп аткан кытай инвесторлорунун ишмердигин токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук ИИББ маалымат-кызматынан Карима Аманкулова билдирди.

"Алар боз үй тигип, үч күн талаптары аткарылмайын жашаганга даяр. Андан кийин алар башка чараларга бара турганын айтты", - дейт ал.

Аманкулова митинг тынч мүнөздө экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД