Адвокат Токтогул Абдыев атажуртчу-депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын кароо процессинде расмий жактоочусу болду. Сот отуруму Бишкек шаардык сотунда өтүүдө.
Абдыев сотко ишти бир канча күнгө жылдыруу өтүнүч каты менен кайрылганын "ВБ"га билдирди. Ал иш менен таанышуу үчүн ушундай кылганын айтат. Бирок, сот өтүнүчтү канааттандырбай, адвокатка иш менен таанышууга бир саат убакыт берген.
"Өзүн сыйлаган адвокат ушундай мамиледен кийин сот залынан чыгып кетмек, - дейт Абдыев. – Бирок мен жактоочумдун суранычы менен калдым". Эгерде жактоочусунун кызыкчылыгын керектүү түрдө коргоого бир саатта таанышылган материалдар жетпесе, анда ал сот залынан чыгып, ушундайча соттун аракетине болгон нааразычылыгын билдирет.
Эске салсак, Жапаровдун баш коргоо чарасын кароо боюнча буга чейинки сот отуруму, депутат адвокатынын баш тарткандыгына байланыштуу болбой калган.