Саламаттык сактоо системасына бөлүнгөн 9 млрд сомдун 82,5 пайызы медкызматкерлердин айлыгын төлөөгө жумшалат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева билдирди.
Анын айтымында, бир оорулууга кеткен чыгым болгону 9 пайызды түзүп, бейтаптын өз каражатын жумшоого туура келет. "Кыргызстандагы Саламаттык сактоого бир адам үчүн 30 доллар коротулат, ал эми Казакстанда – 233 доллар, Орусияда – 326 доллар сарпталат. Өтө төмөн көрсөткүч Тажикстанда. Ал жакта болгону 13 доллар. Бул мамлекет тарабынан аз камсыздалгандыктан болууда. Системанын бардык көйгөйлөрү бул жактан башталат. Мамлекеттик кепилдик программасы болгону 50 пайызын гана камсыздайт", - дейт министр.