Сабыр Тулеков: Акыйкатчынын депутаттарды коргоого укугу жок

"Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бийлиги барларга ыктап атат. Ал МУККнын тергөө абагындагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду коргоого эч кандай моралдык укугу жок", - деп "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин мүчөсү Сабыр Тулеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн башкы укук коргоочусу камалган депутаттар менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда ортомчу болууда. "Ал эмне үчүн 2010-жылдагы окуяларга баа берген жок?" - деп суроо салды ал.

Эске салсак, буга чейин акыйкатчы камалган депутаттар боюнча президент менен жолукканын айткан.

3-октябрда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелип, МУККнын тергөө абагына камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД