Эртең Жогорку Кеңештин жаңы курамы каралышы мүмкүн

Эртең Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы курам каралаары күтүлүүдө. Жаңы коалиция түзүлгөндүгүнө байланыштуу козголгон иш чара боюнча Вице-спикерлердин көбү, комитет төрагалары алмашылып, ЖКнын иш башкармалыгы жоюлуп, ЖКнын аппаратынын курамындагы финансылык-чарбалык башкармалык болуп кайра түзүлөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу "ВБ"га өздүк булактардан маалым болду.

Ал эми, премьер-министр Ош облусунан, КСДПдан, спикер да Оштон КСДПдан деген маселеден улам спикерди да ооштуру маселесин кароо жыл аягына калтырылгандай. "Президенттин колдоосу жана өзүнүн мурунку төрагага окшоп оңураңдабай ишти маданияттуу алып кете алгандыгынын таасири аркасында бул маселе кийинкиге жылдырылды десек болот. Бирок, жыл аягы менен Жантөрө Сатыбалдиев же Асылбек Жээнбеков экөөнүн бири бийлик пирамидасынын башынан жылмышышы талашсыз. "Керек болсо жыл башындагы өкмөттүн структурасын кайра кароо менен бирге, алгылыктуу иш жасап, ачыла албай жаткан Сатыбалдиев ээрден шыпырылат" дегендер арбып барат", - дейт өздүк булак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД