Диний ишенимди жана динди коргоо боюнча мыйзамдын керектиги бышып жетилди. Мындай пикирин бүгүн "Дин, укук жана саясат" борборунун директору Кадыр Маликов ЖМКга билдирди.
Анын айтымында, акыркы убактарда Pussy Riot тобу, "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасы сыяктуу провокациялар орун алды. Маликовдун баамында православия менен ислам дини диний баалуулуктарды сактоо үчүн бирге аракеттерди көрүшү керек.
Эксперт бул эки дин башка диндерге үстөмдүк кылат дегенге жатпай турганын айтат.
Маликовдун баамында бир канча мечит, чиркөө, сыйынуу жайларынын болгонуна карабастан диний коопсуздук маселесин чечүү керек. "Диний баалуулуктар мамлекеттин жаңылануусуна булак болуп бере алат. Андыктан бардык кризистердин себеби - башка адамга мамиле кылууда ага болгон сый жана орой мамилеси, адам фактору", - дейт ал.