"Ата-Журт" фракциясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов эртең оппозициялык партия Бишкекте митинг уюштурат деген маалыматты төгүнгө чыгарды.
"Жакын арада "Ата-Журт" митинг уюштурбайт", - дейт ал.
Бир катар ЖМКларда 10-октябрда "Ата-Журт" партиясы камакка алынган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоп митингге чыгары кабарланган.