Нарында жылдын мыкты мектеби аныкталды

Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбековдун демилгеси менен уюштурулган облустук масштабдагы "Мыкты мектеп -2012" кароо сынагы мугалимдердин кесиптик күнүнүн алдында жыйынтыкталды. Бул тууралуу КРдин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Б. Белеков билдирди.

Тоолуу аймакта биринчи жолу уюштурулуп жаткан кароо-сынак биринчи иретте мектеп директорлорунун жоопкерчилигин көтөрүү, мектептерде иштеген педагогикалык жамааттардын уюштуруучулук жана методикалык иштериндеги активдүүлүгүн колдоо, алардын иш тажырыйбасын жайылтуу, мектептердин материалдык базаларын чындоо сыяктуу бир катар пункттарды камтыды.

Өздөрүн сынакка сунуштаган он эки мектептин ичинен Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айлынын Э. Мейманов атындагы орто мектеби жылдын мыкты мектеби деп аталып, сынактын баш байгеси болгон $7 миң турган "Хонда-Одиссей" женил автоунаасын илип кетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД