"Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын президентине карата компроматы бар, ошол себептен Конституциялык палатанын биринчи турунан өтүп кетти. Ага карата бир дагы каршы пикир айтылган жок", - деп бүгүн, 26-сентябрда, "Прецедент" тобунун төрагасы Нурбек Токтакунов айтып чыкты.
"Ал көптөгөн саясий күчтөрдү коркутуп алган. Анда ушундай бир ресурстар бар. Бекназаровдо Атамбаевге карата компроматтар бар. Баардык революционерлердин бири-бирине компроматтары даяр", - деп ишенет Токтакунов.