Бүгүн, 25-сентябрда, Бишкектин көчөлөрүндө "Таза жана жашыл шаар үчүн" деген аталыштагы велосипедчендердин жүрүшү болду. Аталган иш чара шаар күнүнө карата уюштурулду. Жүрүштүн максаты- шаардын кир, булганыч көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу болду.
Уюштуруучулукту Бишкектин мэриясы, шаардын спорт комитети жана уюлдук операторлордун бири колго алышкан. Иш чарага 100дөй велосипедчен жаран катышты. Алар музыканын коштоосунда жүрүш уюштурушту.