Сокулук районунда унаа жөө жүргүнчүнү коюп кетти

Сокулук районунда унаа жөө жүргүнчүнү коюп кетти. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

24-сентябрда болжол менен саат 21де, 31 жаштагы жаран "Дайхатсу-Алаус" унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Чалдовар кан жолунун 15-чакырымынан жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. (Жабыркаган жаран европа улутундагы 30-35 жаштар чамалуу белгисиз эркек киши).

Жол кырсыгынын натыйжасында, жаран денесине ар кандай жаракат алган. Ал аймактык ооруканага жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД