Кытайлыктар алтын өндүрүүчү тармакты өнүктүрүү үчүн инвестиция берүүгө даяр

Кечээ, 24-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Шаньдун алтын өндүрүүчү корпорациясынын төрагасы Ван Дзяньхуа башында турган кытайлык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Дзяньхуа өлкөнүн алтын өндүрүүчү тармагын өнүктүрүү үчүн инвестиция берүүгө, муну менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык нормаларын сактаганга даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары өкмөт башчысы, Ван Дзяньхуанын жибек өндүрүү боюнча тажрыйбасынын молдугун айтып, биздин өлкөгө бул багытта инвестиция тартууга чакырды. Кытайлык өкүл Кыргызстанга бул маселени түп тамырынан бери өздөштүрүүгө башка делегация жөнөтөөрүн айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД