№6 мектеп-гимназиясынын директору болуп экс-директордун кызы дайындалды

20-сентябрда Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, №6 мектеп-гимназиясынын жамаатына жаңы директор Айгүл Шимованы тааныштырды. Шимова - мектеп директорунун кызматына карата сынактын жыйынтыгы менен дайындалды, деп Бишкек мэриясынан билдиришти.

Шимова окуу мекемесинин мурунку директору Светлана Арыстанованын кызы. "Мектептин жамааты директор болуп дайындалган Шимованы, аталган окуу мекемесинде 16 жыл бою иштегендигин жана 9 жылдан ашуун директордун орун басары болгондугун эске алуу менен чын ыкластан кабыл алышты", - деп айтылат маалыматта.

"Шимованын иштеген маалында окуучулар окуу жаатында ийгиликтерге жетишкен. Ар кандай сынактарда , олимпиадаларда байгелүү орундарды багындырып келген", - дейт шаардык мэриядан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД