Кардарлардын дебитордук карызы 1 млрд. 269 млн.сомду түздү

Кардарлардын энергокомпаниялардын алдындагы дебитордук карызы 1-сентябрга карата 1 млрд. 269 млн.сомду түздү. Бул тууралуу энергетика жана ндүрүш министрлигинен билдиришти. Жыл башынан бери колдонулган электр энергияга болгон дебитордук карыз 0,3 пайызга өскөн.

Кардарлардын эң көп карызы "Чыгышэлектр" ААКда байкалган (7,6 пайыз, 313,6 млн. сомго чейин). Андан кийинки орундарда "Ошэлектр" ААКсы (4,6 пайыз, 428,1 млн. сомго чейин) жана "Жалалабадэлектр" ААКсы (3,5 пайыз, 212 млн. сомго чейин) турат.

Дебитордук карыздын төмөндүгү "Түндүкэлектр" ААКда гана байкалган (12,3 пайыз, 315,2 млн. сомго чейин).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД