Бишкек-Чалдовар кан жолунда унаа өспүрүм баланы койдуруп кетти

Бишкек-Чалдовар кан жолунда сапар тартып бараткан аял өспүрүм баланы койдуруп кетти. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 20-сентябрда болжол менен саат 17де Бишкек шаарынын 38-жаштагы тургуну "Мазда-323" унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Чалдовар жолунун 12-чакырымынан 13 жаштагы баланы сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында бала ар кандай жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилди. Унаа айып төлөөчү жайга токтотулду. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД