Камила Талиева Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Кечээ, 19-сентябрда, Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон 2 күндүк иш сапарынын алкагында, вице-премьер-министр Камила Талиева бир катар социалдык мекемелерди кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, күндүн биринчи жарымында Талиева Жалал-Абад облусуна караштуу Багыш айылдык округундагы оорукананын курулуш иши менен таанышты. Вице-премьер-министр керектүү медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн 5 млн. сомду бөлүү тууралуу маселе өкмөттүк денгээлде чечиле тургандыгын айтты.

Ошондой эле Талиева Жалал-Абад облусундагы төрөт үйүн жана бириккен облустук оорукананы кыдырды. Мындан сырткары Таш-Булак айылындагы "Ариет" мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борборунда болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД