Маңзатын мыйзамсыз сактаган фактынын бети ачылды

Чүй облустук ШИИБнын баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын (БМЖКБ) кызматкерлери Москва РИИБнын БМЖКБнын кызматкерлери менен биргеликте, маңзатын мыйзамсыз сактаган фактынын бетин ачышты.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда болжол менен саат 14тө, "Притон" рейд учурунда Сретенка айылынан 42 жаштагы жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда жарандын жанынан 2 кг 100 гр. жапайы кендир жана 221 грамм гашиш табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД