Октябрь районунда алдамчылык менен шугулданган жаран кармалды

Баш калаадагы Октябрь районунда алдамчылык менен шугулданган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ИИБга борбор калаанын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы октябрь айында чала тааныш аялга 25 000 сом бергенин айткан. Билдиргенине караганда, ал каражатка шектелип жаткан айым "Кара-Жыгач" жаны конушунан жер алып берем деп сөз берген.

Октябрь РИИБнын кызматкерлери окуяга тийиштиги бар 57 жаштагы айымды кармашты. Учурда иликтөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД