Сариев:Кыргызстан Бүткүл Дүйнөлүк банк менен алакада болгон лидер өлкө

КР Экономика министрлигинде министр Темир Сариев менен Бүткүл Дүйнөлүк банк кеңсесинин башчысы Александр Кремер жолугушту. Анда Бүткүл Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун Кыргызстанда ишке ашыруу маселелери талкууга алынды.

Сариев белилеп кеткендей, Кыргызстан Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан Бүткүл Дүйнөлүк банк менен алакада болгон лидер өлкө болуп саналат. "Бизде Бүткүл Дүйнөлүк банктын программалы аркылуу ишке ашкан көп ийгиликтер бар. Мисалы, энергетика, техникалык башкаруу аймагында жана башка тармактарда. Аталган долбоорлор экономиканы көтөрүү, экспорттук жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, ошондой эле коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган",- деди министр.

Ал эми Кремердин жообунан, "Ишкерчиликке жана соодага карата техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу" долбоорунун ишке ашыруу мөөнөтүн узарткандыгы белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД