Бишкек жылуулук электр борборуна "Кара-Кечеден" 200 миң тонна көмүр келет

Кечээ, 17-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Жумгал районунда жайгашкан "Кара-Кече" көмүр кенинде болду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Сентябрдын акырында Бишкек жылуулук электр борборуна "Кара-Кечеден" 200 миң тонна көмүр алынып келинет. Көмүр тармагын өнүктүрүү максатында, биз дагы кошумча 100 миң тонна кара алтынды сатып алууну пландап жатабыз. Мындай кадам мамлекет тарабынан облус жана район үчүн таасирдүү колдоо болот ", деди премьер. "Өз кезегинде көмүр өндүрүүчүлөр райондун тургундарына жардам бериши керек. Мындан улам көмүрдүн баасын тоннасына 1900сом деп баалап, Жумгал районунун тургундарына ушундай баада сатылышы керек", - деп кошумчалады Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД