Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды: өспүрүм бала жабыркады

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, натыйжада өспүрүм бала жабыркады. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн дем алышта болжол менен 10:30да, Нарын шаарынын 59 жаштагы жараны "Субару Легаси" унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Торугарт кан жолунун 16-чакырымында 13 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Жыйынтыгында бала ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД