Садыр Жапаров: Мадылбековдун кармалышы - фракциялар ортосундагы күрөш

"Эльдар Мадылбековдун кармалышы - бул "Ата Мекен" менен "Республика" фракцияларынын ортосундагы күрөш", - деп "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда "ВБ" га билдирди.

Анын пикирине караганда, Туратбек Мадылбековдун уулунун иши "Ата-Журтка" эч кандай басым көрсөтпөйт.

"Бирок, "Ата-Журтка" карата баардык компромат ыкчам таасир берүүдө. Эльдар Мадылбековго байланышкан кырдаал бул "Ата Мекен" менен "Республика" фракцияларынын ортосундагы күрөш. Бирок, чындыкты таап чыкмайынча эч нерсе деп айта албайбыз. Балким, мындай кадам "Ата Мекенге", "Ата-Журтка" жана "Республикага" алдыда келе жаткан шаардык кеңешке өтүүгө мүмкүнчүлүк бербөөгө карата жасалган аракеттир" , - дейт Садыр Жапаров.

Эске салсак, 15-сентябрда депутаттын уулу Эльдар, ири өлчөмдөгү алдамчылык жана рейдерлик кылган деп шектелип, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД