Туратбек Мадылбеков: Мен уулумдун иштерине кийлигишпейм

"Мен уулумдун иштерине кийлигишпейм", - деп "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков, бүгүн,17-сентябрда, журналисттерге билдирди. Эске салсак, депутаттын уулу Эльдар 2 күн мурун ири өлчөмдөгү алдамчылык жана рейдерлик кылган деп шектелип, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.

Мадылбековдун айтымында, анын уулу өзүнүн көйгөйүн өзү чече ала турган чоң киши.

"Ал 34 жашта. Юрист, укук таануучу. Иш тажрыйбасы бар болгондуктан, ал өзүн-өзү коргой алат. Анын укугун коргой турган жактоочулары бар. Мен принципке турган кишимин, анын иштерине аралашпайм. Иликтөөнүн жүрүшүндө күнөөлүүбү же жокпу билинет. Тергөө маалында менин балам өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдей албаса, анда аны сотто кыла алат",- деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД