Жарандар: Мадылбековду бошотуп жиберсе, анда нааразычылык акциясына чыгабыз

"Эмне үчүн атка минерлердин балдары (кылмышкер катары) кармалса, алар ооруп калды деген шылтоо менен көзөмөлдөн бошотулат дагы, ошондой эле айып тагылган башка карапайым жарандар тергөө абагында отурушу керек", - деп "БУК" элдик кыймылынын төрагасы Асылбек Кудайбердиев бүгүн, 17-сентябрда, маалымат жыйынында нааразылыгын билдирди.

Анын айтымында, КР ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбеков уулунун оорусуна байланыштуу, аны көзөмөлдөн бошотуп коюу үчүн депуттатардын колун топтоп жүрөт деген маалымат бар.

"Депутаттын уулу Эльдар Мадылбеков көзөмөл алдына алынышы керек. Эгерде аны бошотуп жиберсе, анда биз нааразычылык акциясына чыгабыз", - дейт Кудайбердиев.

Эске салсак, депутат Мадылбековдун уулу Бакиевдердин мүлкүн саткан деп шектелип кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД