Кыргызстандын милиция кызматкерлери аттестациядан өтүшөт

Кыргызстандын милиция кызматкерлери аттестациядан өтүшөт. Бул тууралуу КР ИИМдин расмий сайты билдирет. Аттестациялык комиссиянын курамына ички иштер министри, анын орун басарлары, башкармалыктардын жетекчилери, ИИМдин алдындагы улуттук кызмат бөлүмүнүн төрагасы, ИИМдин коомдук кеңешчилери кирет.

Ички иштер органынын кадрдык аппаратынын кызматкерлерине карата аттестация, 17-сентябрда башталат.

Төмөндө кызматтык аттестацияны өткөрүүнүн графиги берилди:

Бишкек ШИИБ жана Чүй ШИИБ - 17-18- сентябрь

Талас, Нарын, Ысык-Көл ОИИБ - 18-19 сентябрь;

Баткен, Ош ОИИБ жана Ош ШИИБ - 19-20 сентябрь;

Жалал-Абад ОИИБ - 20-21 сентябрь.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД