Аламүдүн районунда 29 жаштагы кыз зордукчунун курмандыгы болду

Аламүдүн районунда 29 жаштагы кыз зордукчунун курмандыгы болду. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Өтүп бараткан дем алышта милиция кызматкерлерине Төмөнкү-Ала-Арча айылынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 29 жаштагы бир тууган сиңдисин зордуктап кеткен факты тууралуу айткан.

Маалыматка ылайык, азиат улутундагы 50-55 жаштар чамалуу белгисиз жаран күч колдонуп кызга кол салган. Ал айымды коркутуп зордуктаган. Андан кийин кылмышкер белгисиз тарапка качып кеткен.

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери, аталган кылмышка тийиштиги бар Бишкек шаарынын 57 жаштагы жаранын кармашты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД