Кыргызстанда Н. Назарбаев атындагы токой эс алуу жайы пайда болот

Кыргызстанда президент Нурсултан Назарбаев атындагы токой эс алуу жайы пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча комитеттин отурумунда, КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Шералы Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстанга болгон иш сапары маалында, президент Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын түштүгүнө мектеп салуу боюнча каалоосу бар экенин билдирген. Мындан улам, Ош облусунун Кара-Суу районунда 6га жер бөлүнгөн.

"Бөлүнгөн жердин 2,5га аянтына мектеп курулат.Калган аймагы Нурсултан Назарбаев атындагы токой эс алуу жайы болот", деди Абдылдаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД