КР футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол Федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең улуттук курама команданын жана жаштар курама командасынын башкы машыктыруучуларынын ысымдары белгилүү болот.

Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, башкы машыктыруучунун ордуна Бишкектин "Дордой" командасынын Орусиялык машыктыруучусу Сергей Дворянков, ал эми жаштар курама командасыныкына Мурат Жумакеев болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД