Куткаруучулар Алымбек датканын эстелигинен мас жаранды алып түшүштү

Ош шаарынын куткаруучулары Алымбек датканын эстелигинен мас жаранды алып түшүштү. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-сентябрда болжол менен кечки саат 6да мас абалындагы эркек киши, Алымбек датканын эстелигине чыгып, кайра ылдый түшө албай калган. Окуя болгон жерге Ош шаарынын куткаруучулары келишкен. Алар жаранды жерге түшүрүүгө жардам беришти. Сөз болуп жаткан жаран 1969-жылы туулган Эркинбек Акишов болуп чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД