"Ташчайнар" Германияда өтүүчү таланттар сынагына катышууга чакыруу алды

"Ташчайнар" лакап атын алып жүргөн Нурлан Алишеров, Германияда өтүүчү таланттар сынагына катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу "ВБ"га каармандын жардамчысы Максат Чекиев билдирди.

"Кечээ мелдештин уюштуруучуларынан кат келди.Аталган сынакка өзүнүн таланты менен көпчүлүктү таң калтыра турган өзгөчө адамдар катышат. Иш чара ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында өтөт", -дейт Чекиев.

Учурда Ташчайнардын командасы жол киреге жана башкага кетүүчү чыгымдары үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатышат.

"Болжол менен 5 миң евро жашаганга, тамак ашына жана 2 адамдын жол киресине кетет экен. Анткени Ташчайнар жалгыз барбайт, ага жардамчы керек болот",- дейт жардамчысы. Анын пикиринде, эгерде демөөрчү табылып калса, анда биздин балбан кастингден өтүп, өзүн аталган сынакта мыкты жагынан көрсөтө алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД