Өткөн суткада борбор шаарыбызда 6 өрт кырсыгы катталды

Өткөн суткада борбор шаарыбызда 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу "ВБ" га өздүк кабарчылар билдиришти.

Кулиев көчөсүндөгү кафеден өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр жардамга келишти. Алар келген маалда жалын имараттын чатырынын жарымын курчап алган. Жалпысынан 80 кв.метри күйүп кеткен. Өрт кызматкерлери тилсиз жоону 1 саатта өчүрүштү. Кырсыктын келип чыгышына ашканада турган газ баллон себепкер болгон. Өрт маалында жабыркагандар болгон жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД