Зер буюмдарын сатуучу күркөнү тоногонго шектүү делген жаран кармалды

Бишкек ШИИБнын патрулдук күзөт кызматынын милиционерлери жана Ленин РИИБнын шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте, Ош базарынан зер буюмдарын сатуучу күркөнү тоногонго шектүү делген жаранды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айыпталып жаткан жаран алтын сатуучу күркөгө келип, байкатпай туруп алтындарды жулуп качкан. Ал мындай кылмышка 4 жолу кирептер болгон.

2012-жылы кылмышкер ошол эле соода кылуучу катардан акча уурдап качкан. 10-мартта дал ушундай жол менен зер буюм сатуучу жайды тоноп кеткен.

12-сентябрда милиция кызматкерлери шектүү жаранда кармашты. Анын аты-жөнү такталууда. Кармалган жарандын эч кандай документи, туруктуу жашаган жери жок болуп чыкты.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Болжолдуу маалыматтарга караганда, келтирилген чыгым 200 миң сомго бааланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД