Таласта аскердик курал жарактар табылды

15-сентябрда Талас чек ара отрядына караштуу "Көксай" чек ара заставасынын аскер кызматкерлери, ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш чарасын уюштурушкан. Анда Арчагул калктуу пунктунун аймагынан, Төмөн-Тамга деген жеринен 69 патрон, граната жана колго жасалган жарылуучу 3 курал таап алышкан. Бул тууралуу УКМКнын чек ара аскерлигинен билдиришти.

Курал жарактарга карата тиешелүү документтер түзүлгөн соң, Карабуура РИИБга өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД