Бекмамбетов КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

13-сентябрда Фархад Бекмамбетов Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) коомдук байкоочу кеңешинин (КБК) жаңы төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу КТРКдан билдиришти.

Анын талапкерлиги үчүн КБКнын 10 мүчөсү добуш берген. Ушул эле кызматка "Де Факто" гезитинин ээси Илим Карыпбеков дагы талапкерлигин койгон. Ал 4 добушка ээ болду. Баардыгы болуп 14 жаран добуш берген. Кеңештин жооптуу катчысы болуп Мыктыбек Арстанбек шайланды.

КБКнын жаңы башчысын шайлоо зарылчылыгы, кеңештин мурунку башчысы Кылычбек Султановдун социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна кеткендигине байланыштуу болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД