Оор атлетчи Бекзат Осмоналиевди Азербайжандын атынан чыгууга чакырышты

Олимпиада-2012нин катышуучусу, оор атлетика боюнча спортчу Бекзат Осмоналиевди, Азербайжандын атынан чыгууга чакырышты. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Усен Майназаров билдирди.

Анын айтымында, Лондондо болгон Олимпиада оюндарына катышкандан кийин Осмоналиевге Азербайжан курама командасынын башкы машыктыруучусу келип, Азербайжандын атынан чыгууга сунуш кылыптыр. "Азербайжандын машыктыруучусу менден жашырып биздин спортчуга сунуш кылыптыр. Ал тамак-ашын, жашай турган жерин жана жакшы стипендия сунуштаптыр", - деди Майназаров.

Мындан сырткары чет элдик машыктыруучу, Осмоналиевге Азербайжан чемпионатына катышуусун жана бир канча жаш оор атлетчилерди кошо ала кел деп сунуштаптыр. "Алар биздин мыкты спортчуларыбызды алып кеткиси келип жатат", - дейт Майназаров. Машыктыруучу бул маселе боюнча олимпиадалык даярдоо борборунун директору Акылбек Насирдиновго да кайрыганын айтат. Бирок ал "Бардык катышуучулар кетип жатат" - деген жоопту алган. "Ал эмнеге кетип жатат же ага эмне болду деп да кызыгып койгон жок", - дейт машыктыруучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД