Кыргызстанда эркектердин ден-соолугуна арналган жумалык башталат

17-сентябрда Кыргызстанда эркектердин ден-соолугуна арналган жумалык башталат. Беш күн аралыгында Республикалык урология илимий борборунун адистери жана облустардагы медициналык мекемелердин дарыгерлери, каалоочуларга акысыз кеңеш берип, бекер текшеришет.

Бүгүн, 14- сентябрда, долбоордун алкагында марафон уюштурулду. Аталган борбордун директору Акылбек Усупбаевдин айтымында, саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мындай акцияларды өткөрүп жаткандарына быйыл 8 жыл толду. Бул убакыт аралыгында текшерүүдөн 15 миңдей кыргызстандык мырзалар өтүшкөн.

Усупбаев белгилегендей, медициналык кароого эркектер көп деле келе беришпейт. Алар ден-соолугуна арыздана да беришпейт. Кайрылбагандыгынын бир себеби, маалыматтын жоктугу же менталитетке байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД