Өзүн үйдүн кожоюнумун деп тааныштырып, акча алып кеткен жаран кармалды

Бишкектеги Свердлов районунда өзүн үйдүн кожоюнумун деп тааныштырган алдамчы жаран, батирде жашаган кыздан акча алып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Свердлов РИИБга кечээ, 13-сентябрда, Бишкектин 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда үйгө жаш жигит келип, өзүн батирдин кожоюнумун деп тааныштырып, кыздан 10 миң сом акчаны алдамчылык жолу менен алып кеткенин айткан.

Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери атайын рейд жүргүзүп, жыйынтыгында 31 жаштагы алдамчы кармалды. Учурда аны убактылуу кармоочу жайга алып келишкен. Тергөө жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД