Бишкек шаарынын 29 жаштагы жаранын тоноп кетишти

Бишкек шаарынын 29 жаштагы жаранын тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-сентябрда болжол менен таңкы саат 4тө Гагарин көчөсүнөн жабырлануучуга азият улутундагы 20-25 жаштар чамалуу белгисиз 5 жаран жакындап келишкен. Алар жаш жигитти сабап, анын жанынан 50 миң сом акчасын алып кетишкен.

Бишкек шаарындагы Ленин районунун опер кызматкерлери атайын рейд уюштурушуп, кылмышкерлердин изине түшүшкөн. Жыйынтыгында шектүү делген 3 жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Дагы 2 жаран эркиндикте жүрүшөт. Аларды колго түшүрүү иш чарасы уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД