Нан өндүрүүчүлөр: Нанга болгон баалардын өсүшү ортомчулардын айынан болуп жатат

Бүгүн, 14-сентябрда, Бишкек мэри Иса Өмүркулов ун жеткирүүчүлөр жана нан өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Мэр нанга болгон баанын жогору экендигине нааразылыгын билдирди. Айтымында, 2010-2011-жылдары ундун баасы бирдей болгон. Бирок, даяр нан 2010-жылга караганда, бүгүнкү күндө бир канча сомго жогору турат. Өмүркулов, нан өндүрүүчүлөргө "бааны жогорулатып ийүүдөн кармангыла", - деп айты.

Бирок, ун жеткирүүчүлөр жана нан өндүрүүчүлөр дан азыгын 2010-жылдагы баа менен таркатып жаткандыктарын айтышты. Алардын пикиринде, баалардын өсүшү ортомчулардын айынан болуп жатат. Мындан улам, кызматкерлер нанды төмөнкү баада сатуу үчүн, мэрден соода түйүндөрүн ачууну уюштуруп берүүгө жардам сурашты.

Мэр демилгени колдоп, бул маселени чече тургандыгын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД